Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:11

Жерүй боюнча сынактын экинчи этабы өтүп жатат


Жерүй алтын кени
Жерүй алтын кени

Жерүйдү иштетүү боюнча конкурска катышкандар кенге байланыштуу соттук териштирүүлөрдү чечүүгө даяр. Бул тууралуу конкурсттук комиссиянын бүгүнкү жыйынында айтылды. Конкурстун экинчи айлампасына чыккан “Восток-геологодобыча” компаниясынын өкүлдөрү Жерүй боюнча өкмөткө доо койгон казакстандык “Visor” компаниясы менен сүйлөшүп жатат. Ал эми конкурска катышкан “Кыргызалтын” ишканасынан да бул боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин айтышты.

Жерүй кенин иштетүү боюнча конкурстун экинчи туруна үч компания өткөн эле. Алардын ичинен орусиялык олигарх Сулейман Керимовго таандык делген “Алтанзолото” компаниясы сынакка катышуудан баш тартты. Мындан улам конкурстун экинчи туруна “Восток-геологодобыча” жана “Кыргызалтын” ишканалары гана катышууда. Конкурстун жыйынтыгы 4-майда чыгары күтүлүүдө.

2010-жылы бийлик алмашканга чейин Жерүйдү иштеткен компаниянын акцияларынын 60 пайызы казакстандык Visor компаниясына таандык болгон. Жаңы бийлик инвестордук милдетти аткарган жок деген жүйө менен анын лицензиясын жокко чыгарган болчу. Казакстандык компания кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, 400 миллион доллар доо койгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG