Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, милицияга борбор калаанын бир тургунунан арыз келип түшкөн. Анда күйөөсү алты жаштагы кызына кол көтөрүп, жаагына жаракат келтиргени жазылган. Бул боюнча териштирүү башталып, медициналык экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иш козголуп, укуктук баа берилмекчи. Аталган жаран шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.(BkA)