Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:23

ИИМ Анапияевдин өлүмү боюнча шектенүүлөргө жооп кайтарды


Алмамбет Анапияев
Алмамбет Анапияев

Ички иштер министрлиги кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү делген Алмамбет Анапияевдин өлүмү боюнча күбө жана милиция кызматкерлеринин бир учакта учуп келгени боюнча түшүндүрмө берди. Аталган министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин билдиришинче, Уюшкан кылмыштуулукка күрөшүү башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметов менен кызматкери Таалайбек Мамбетакуновдун 28-февралда Москва-Бишкек каттамы аркылуу учканы анык. Дал ушул каттам менен Анипияевдин өлүмү боюнча күбө Гүлжигит Абдилазизовдин да учуп келгени айтылган эле.

Осмонбаев ИИМ кызматкерлери менен Абдилазизовдун бир учакта учуп келгенин жөн гана кокустук катары баалады.

Буга чейин интернетте милиция кызматкерлери менен Абдилазизовдун бир учакта келиши ар кыл талкууларга жол ачкан эле.

Кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири атыккан Алманбет Анапияевди быйыл февраль айында Минск шаарында белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кеткен. Анын жан сакчысы делген Гүлжигит Абдилазизов өз эрки менен Бишкекке келип, күбө катары көрсөтмө берген эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG