Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:39

Малаланы аткандар өмүр бою эркинен ажыратылды


Малала Юсуфзай.
Малала Юсуфзай.

Пакистандын соту бүгүн жарыялагандай, өмүр бою түрмө жазасы 2012-жылы активист өспүрүм Малала Юсуфзайды атууга аралашкан деп айыпталган он адамга берилди. Өкүмдү бүгүн Хайбер Пахтунхва провинциясынын терроризм менен күрөшүү боюнча соту чыгарды.

Айыпкерлер былтыр сентябрда армия, полиция, чалгын кызматтарынын биргелешкен операциясы учурунда кармалган болчу жана бийлик өкүлдөрүнүн эсебинде, алардын пакистандык талибдердин “Техрик-и-Талибан” кыймылына байланышы бар.

Пакистан армиясынын генерал-майору Асим Бажванын айтымында, Малаланы өлтүрүү аракетинин артында пакистандык талибдердин азыркы жолбашчысы Маулана Фазлулла турат.

Азыр жашы 17ге келген пакистандык активист кыз Малала 2012-жылы башына ок жеген эле. Балдардын, анын ичинде кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөнү эл аралык кубаттоого арзып, былтыр ага Нобель Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. (UE)

XS
SM
MD
LG