Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Түндүк Кореянын лидери да Москвадагы парадга келбей калды


Ким Чен Ын.
Ким Чен Ын.

Ким Чен Ын Москвадагы Жеңиш парадына келбей турганын бүгүн орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, Орусияга бул кабар дипломатиялык каналдар аркылуу жеткирилген жана Түндүк Корея лидеринин Пхеньянда эле калуу чечими өлкөнүн “ички маселелери” менен байланыштуу.

Мурдараак Кремль Түндүк Кореянын жолбашчысы нацисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого катышуу боюнча чакырыкты кабыл алганын айткан эле. Бул Ким Чен Ындын чет өлкөгө бийликти 2012-жылы атасынан мурастап калгандан берки алгачкы визити болмок.

Крымдын аннексиясынан жана Орусииянын Чыгыш Украинадагы аракеттеринен улам Батыш лидерлеринин көбү Москвага 9-майда келүүдөн баш тартты. (UE)

XS
SM
MD
LG