Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Нарында чүкө фестивалы өттү


Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата унутулуп бара жаткан улуттук оюндарды кайра жандандыруу максатында Нарын шаарынын борбордук аянтында бүгүн Чүкө фестивалы өттү. Фестиваль Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгы менен Нарын жаштар ордосунун тарабынан уюштурулду.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов өзү чүкө атуу менен фестивалды ачып берди. Фестивалдын алкагында чүкө атуу, жамый жана пара тебүү оюндары болуп, шаардагы орто мектептердин окуучулары жана жаштар арасында таймаш жүрдү.

Фестивальдын эстафетасы Баткен облусуна тапшырылды. (MiK)

XS
SM
MD
LG