Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:55

Жалал-Абад соту Ташиевдин соттолгонун жокко чыгарды


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Жалал-Абад шаардык соту “Ата Журт-Республика” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин соттолгонун жокко чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ташиевдин жардамчысы Нургазы Анаркулов кабарлады. Анын айтымында, аталган сотко соттолгонун жокко чыгаруу өтүнүчү менен Камчыбек Ташиев кайрылган. Анын арызын сот бүгүн карап канааттандырды.

Эми Камчыбек Ташиев күзүндө болчу шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алды.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 2012-жылы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракет жасаган, өкмөт үйүн басып алууга аракеттенген деген айып менен камакка алынып, сегиз айдан ашуун УКМКнын абагында жаткан. Бишкек шаар соту тарабынан акталып, кийин Жогорку Сот кайрадан айыптаган чечим чыгарган. Ага ылайык Камчыбек Ташиев1 жыл 5 айга кесилип, Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан ажыратылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG