Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министрликке сунушталган Темир Сариевдин талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөттүн курамы менен түзүмүн жактырды. Ага жыйынга катышкан 102 депутаттын 97си “макул” деген добуш берди.
Өкмөттүн курамы өзгөрүүсүз калды. Бирок бош турган министрлик орундарга Темир Сариев сунуштаган талапкерлер бекитилди. Маселен, Экономика министрлигине премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратовдун, Финансы министрлигине экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин, Транспорт жана коммуникация министрлигине “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Аргымбек Малабаевдин талапкерлиги жактырылды. Эми 6-майда парламентте жаңы өкмөт ант берип, ишке кирет.
Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн аптада өз арызы менен кызматтан кеткен. (BkA)