Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

АКШ генералы Орусия Украинага чабуул жасашы ыктымал деп санайт


Генерал Филип Бридлав АКШ Сенатынын комитетинде сүйлөөдө. 30-апрель, 2015-жыл.
Генерал Филип Бридлав АКШ Сенатынын комитетинде сүйлөөдө. 30-апрель, 2015-жыл.

НАТОнун Европадагы аскерлеринин командачысы, америкалык генерал Филип Бридлав бул тууралуу бүгүн АКШ Сенатынын куралдуу күчтөр боюнча комитетинде сүйлөп жатып айтты.

Генералдын баамында, Орусия Украинанын чыгышындагы тыныгууну күчтөрүн кайра топтоштуруу жана ыктымал чабуул жасоо үчүн колдонууда. Муну орус күчтөрүнүн соңку орун которуштуруулары да каңкуулап жатат.

Генерал Бридлав Украинанын чыгышындагы кырдаалды “туруксуз жана морт” деп мүнөздөдү. Орусия бул жакта болгон кубатын колдонуу менен дипломатиялык, маалыматтык, экономикалык жана аскерий багытта иш жүргүзүп жатканын белгиледи.

Мындан улам генерал Бридлавдын пикиринде, АКШ Украинага курал берүү маселесин күн тартибинен албашы керек.

Буга чейин быйыл мартта НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн командачысы Батыш өлкөлөрүн Украинага орусиячыл жикчилдерге каршы күрөшүнө жардам көрсөтүүдө бардык ыкмаларды, анын ичинде коргонуу куралдарын да жөнөтүүнү карап көрүүсү керектигин айткан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG