Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Непалда беш күн уранды астында жаткан бала куткарылды


Беш күн бою уранды астында калган бала
Беш күн бою уранды астында калган бала

25-апрелде болгон ири зилзаладан беш күн өткөн соң куткаруучулар урандылар астында калган өспүрүмдү таап чыгышты. Тирүү калган, бети-башы чаңга буланган Пема ысымдуу баланы адамдар кол чаап тосуп алды.

Бирок ал тууралуу эки түрдүү маалымат берилип жатат. “Франс пресс” агенттиги полицияга таянып,15 жашар бала Hilton деп аталган конок үйүнүн урандыларынын астынан табылганын кабарласа, “Ассошиэйтед Пресс” полиция өспүрүм 18 жашта экенин билдиргенин жазып чыкты.

Өткөн ишемби күнү Непалдын борбору Катманду калаасынын аймагында болгон 8 баллга жакын жер силкинүүдө 5500дөн ашуун адам көз жумду. Жараат алгандардын саны 11 миңден ашты. (SE)

XS
SM
MD
LG