Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

«Азия MIX» КВНдин жарым финалына жолдомо алды


Бишкектин «Азия MIX» командасы КВН жогорку лигасынын жарым финалына жолдомо алды. Эл аралык КВН бирлигинин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 30-апрелде үчүнчү чейрек финалда «Плохая компания» (Красноярск крайы), Мурманск шаарынын курамасы, «Азия MIX» (Бишкек), Грузия курамасы (Тбилиси) «Горизонт» (МосАП, Москва) жана «Приоритет ДГТУ» (Ростов-на-Дону) командалары ойношкон. Оюн жыйынтыгында бишкектик “квнчилер” эң көп упай топтоп, кийинки айлампага жолдомо алды. Калыстардын басымдуу бөлүгү оюнда «Азия MIX» командасынын музыкалык сынактагы тамашалары өзгөчө жаккандыгын белгилешти.(ECh)

XS
SM
MD
LG