Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Баткен акимчилигинин алдына эл топтолууда


Акимчиликке келген карабактыктар, Баткен, 1-май, 2015.
Акимчиликке келген карабактыктар, Баткен, 1-май, 2015.

Кыргыз-тажик чек арасына жакын турган Баткендин Кара-Бак айылындагы кечээки окуяга нааразы болгон аталган айылдын тургундары учурда облустук акимчиликтин алдына чогулууда. Алар жергиликтүү бийликтен тажик тарап күчтөп алып кеткен эки айылдашын бошотуп келүүнү талап кылышууда. Бирок азырынча облустук бийлик тараптан алар менен сүйлөшүүгө эч ким чыга элек. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, азыр облустук акимчиликтин алдында элүүдөн ашуун адам турат.

Кечээ кечки саат жетилер чамасында Тажикстандан Кара-Бакка үч жеңил машине менен келген адамдар бул айылдын Темирбай Маматкулов жана Бекжан Бегишов аттуу эки тургунун кошуна өлкөнүн аймагына алып кирип кетишкен. Калган эки машине менен төрт тажик жаранын кыргыз чек арачылары кармап калышат. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. (JsA/SM)

XS
SM
MD
LG