Австриянын соту украиналык бизнесмен Дмитрий Фирташты АКШга өткөрүп берүү өтүнүчүн чекте какты. Бейшембиде сот 12 сааттык жыйындан кийин АКШ Юстиция министрлигинин далилдери жетиштүү эмес деп чечти. Фирташ жана дагы 5 киши, анын ичинде индиялык депутат титан кенин иштетүүгө лицензия алуу үчүн Индиядагы айрым чиновниктерге пара берген деп шектелүүдө.
Ишкер дооматтарды четке кагып, бул иштин артында саясат турат деп эсептейт. Фирташтын адвокаттары ырастагандай, АКШ ал Орусиянын кызыкчылыгын жактайт деп шектенет.
Украинадагы эң бай жана таасирдүү адамдардын бири 49 жаштагы Фирташ 2014-жылы америкалык бийликтин өтүнүчү менен Венада камакка алынган. Былтыр мартта 125 миллион евро менен күрөгө коё берилген.