Иран “кара тизмеге” киргизилген компаниялар аркылуу атомдук технологияны сатып алууга аракеттенүүдө. Бул тууралуу Улуттар уюмунун жашыруун отчетунда айтылат. Анын мазмуну 30-апрелде ачыкка чыгып кеткен.
Документке ылайык, андай маалымат менен Британия бөлүшкөн. Бул кабар тастыкталса, Иран БУУнун санкцияларын бузган болуп эсептелет жана ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө ага канчалык ишенсе болот деген камтамаларды күчөтмөкчү.
Бир нече апта мурун Иран жана арачы болгон алты мамлекет Тегерандын ядролук программасын чектөө боюнча келишимге жетишкен.
Британия БУУнун санкциялар боюнча бөлүмүн 20-апрелде кабардар кылган документте Ирандын ядролук тармакта иш алып барган эки компаниясы жабдыктарды сатып алып жатканы маалым болгону айтылат. Центрифугалык технология компаниясы жана Калай электро компаниясы БУУнун “кара тизмесине” киргизилген. Азырынча бул маалымат боюнча иликтөө баштала элек.