Евробиримдиктин энергетика боюнча комиссары Марош Шефчович Европа Түркмөнстандан газды Иран аркылуу импорттошу мүмкүн деп билдирди. 30-апрелде кечинде Ашгабадда түркмөн президенти Гурбангули Бердимухаммедов менен жолугушуудан кийин ЕБнын өкүлү тараптар Каспийдин түбүнөн жана Иран аркылуу өтүүчү газ куурларын жактыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашканын билдирди.
Шефчовичтин айтымында, Тегеран менен дипломатиялык мамилелердеги “позитивдүү” алга жылуу андай вариантты реалдуу кыларын белгиледи. Ирандын расмий өкүлдөрү Каспийди аралап өткөн түтүк экономикалык жактан көп чыгым талап кыларын айтып, куурду Иран аймагы акрылуу куруу алда канча жакшы болоорун кайталап келатышат.
Транс-Каспий долбооруна 2014-жылы Евробиримдик керектеген газдын үчтөн бир бөлүгүн саткан Орусия каршы болушу мүмкүн.
Түркмөнстан жаратылыш газынын запастары боюнча дүйнөдө төртүнчү оорунду ээлейт, бирок аны ташый турган куурлар тартыш.