Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Ысык-Көлдө эл аралык чуркоо марафону өтүүдө


Ысык-Көл районунун Бостери айылында бүгүн Москва олимпиадасынын марафондук жарышынын жеңүүчүсү, жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган эл аралык чуркоо марафону өтүүдө.

Иш-чарага жергиликтүү жана чет мамлекеттерден 700дөй спортчу катышууда. Марафондо спортчулар төрт дистанция боюнча, 5 чакырымдан 41 чакырымга чейин чуркашат. Буга байланыштуу бүгүн эртең мененки саат 9дан 15:00гө чейин Чолпон-Ата шаарынан Темир айылына чейин жол жабык болот.

Эл аралык чуркоо марафону 2011-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө. Негизги максат - Кыргызстандын туризм, спорт тармагын пропагандалоо жана жаштарды сергек жашоого үндөө. (AsA)

XS
SM
MD
LG