Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Одесса трагедия курмандыктарын эскерет


Одесса. 2-май, 2014-жыл
Одесса. 2-май, 2014-жыл

Бүгүн Одесса бир жыл мурдагы трагедиялуу окуянын курмандыктарын эскерет. Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Коомдук коопсуздукту Украинанын “Альфа” кызматы дагы көзөмөлдөөдө.

2014-жылы 2-майда Украинанын Одесса шаарында орусиячылар менен Киевдин жаңы бийлигинин жактоочулары кагылышкан. Жаатташкан жактар бири-бирине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, Профсоюздар үйүндө өрт чыккан. Кагылыш учурунда 46 киши набыт болгону кабарланган. Украин маалымат каражаттары дагы 48 кишинин тагдыры беймаалым экенин жазышкан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG