Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Баткен: кармалган кыргыз-тажик жарандары алмаштырылышы мүмкүн


Кыргыз-тажик чек арасы. 1-май, 2015-жыл
Кыргыз-тажик чек арасы. 1-май, 2015-жыл

Ушул тапта кыргыз-тажик күч кызматтары жана облустук бийлик өкүлдөрү 30 - апрелдеги окуяга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Облустук бийликтен “Азаттыкка” кабарлашкандай, эки тарап кармалган жарандарын алмаштырышы мүмкүн. Мындай сунушту тажик тарап киргизген.

30 - апрелде Баткендин Кара-Бак айылына чек арадан мыйзамсыз өтүп келип, чыр салган жети тажик жаранын кыргыз чек арачылары кармап, УКМКнын Баткендеги бөлүмүнө өткөрүп беришкен. Алардын үчөө Тажикстандын президентине караштуу Баңгизат менен күрөш боюнча агенттигинин кызматкерлери. Мындан сырткары бул ишке катышы бар деген шек менен үч кыргыз жараны да кармалган. Алардын жакындары видео көзөмөл, телевизор сынганын белгилешүүдө. Мындан улам 40 миң сомдук чыгымды тажик тарап төлөп берүүгө убада беришкен.

Бул чатак кыргыз-тажик чек арасында мыйзамсыз сымап соодалашуудан чыкканы айтылууда. (JsA/КЕ)

XS
SM
MD
LG