Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Непал: зилзалада каза тапкандардын саны өсүүдө


Непалдагы жер титирөөдөн курман болгондордун саны 6 миң 600дөн, жараат алгандардын саны 14 миңден ашты. Полициянын башкы инспекторунун жардамчысы Хеманта Палдын белгилешинче, бул сан дагы өсүшү мүмкүн. Учурда бир нече райондо издөө-куткаруу иштери уланууда.

Финансы министри Рам Шаран Махаттын айтымында, өлкө турак жайлар менен ишкана-мекемелерди калыбына келтирүү үчүн кеминде 2 миллиард долларга муктаж. Министр эл аралык коомчулукту жардам берүүгө үндөдү. БУУнун маалыматына ылайык, 25-апрелдеги зилзаладан 8 миллиондой киши жабыркады. 70 миңдей үй жана имарат кыйрады. 2 миллионго жакын непалдык жакынкы үч айда чатыр, таза суу, азык-түлүккө муктаж болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG