Чек ара кызматынан кабарлашкандай, бүгүн Ош аэропортунда башка бирөөнүн паспорту менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган 33 жаштагы Г.Т. аттуу жаран кармалды. Ал Стамбулга кетчүлөрдү каттоо маалында белгилүү болгон. Керектүү документтер толтурулуп, кармалган аял УКМКнын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилди. (КЕ)