Ооганстандын баш калаасы Кабулда Фархунданын өлүмүнө байланыштуу биринчи сот башталды. 2-майда башталган сот иши телеканалдан түз эфирде көрсөтүлүүдө. Бул окуяга 49 адам шектелген. Алардын арасында полиция кызматкерлери да бар.
19-мартта жаалданган эркектер Фархунданы Куранды өрттөдү деп күнөөлөп, тепкилеп, андан соң тирүүлөй өрттөп, дарыяга ыргытып жиберишкен. Бул окуядан соң Фархунданы өлтүргөндөрдү жазалоо талабы менен миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышкан.
Ооганстан Ички иштер министрлигинен буга чейин кабарлагандай, Фархунданын Куранды өрттөгөнү далилденген эмес. (КЕ)