Мамлекеттик аскер күчтөрү бир жыл мурун “Боко Харам” экстремисттик тобу уурдаган 234төн ашуун окуучу кыздарды жана аялдарды куткарганын билдирди.
Нигерия бийлигинин маалымдашынча, барымтага алынгандарды бошотуу операциясы Самбиса токойлуу районунда жүрдү. Бул аптада жалпысынан 677 кыз-келиндер бошотулду. Куткарылгандар арасында кош бойлуулар да бар. Алар медициналык кароодон өтөрүн жергиликтүү бийлик кабарлады.
Amnesty International уюмунун маалыматы боюнча, өткөн жылдын башынан бери согушкерлер эки миңдей кыз-келинди барымтага алган. (КЕ)