Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Баткенде кармалган кыргыз-тажик жарандары алмаштырылды


Кыргыз-тажик жарандарын алмаштыруу процесси Баткендеги Кызыл-Бел айылында, нейтралдуу аймакта жүрдү. Бул тууралуу облустук бийликтен “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, алар УКМКнын Баткендеги бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Жарандарды алмаштыруу демилгесин тажик тарап киргизген.

30-апрелде Баткендин Кара-Бак айылына чек арадан мыйзамсыз өтүп келип, чыр салган жети тажик жаранын кыргыз чек арачылары кармаган. Алардын үчөө Тажикстандын президентине караштуу Баңгизат менен күрөш боюнча агенттигинин кызматкерлери. Мындан сырткары бул ишке катышы бар деген шек менен үч кыргыз жараны да кармалган. Бүгүн эртеден бери аларды алмаштыруу боюнча эки тарап сүйлошүүлөрдү жүргүздү. Бул чатак кыргыз-тажик чек арасында мыйзамсыз сымап соодалашуудан чыкканы айтылууда. (JsA/КЕ)

XS
SM
MD
LG