АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн авиа соккусунан Алеппо шаарынын түндүгүндө 52 жайкын тургун каза болду. Алардын жетөө балдар экени айтылууда. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы 2-майда билдиргендей, Евфрат дарыясынын чыгыш жээгинде “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөшкөн коалициялык күчтөр жаңылыш сокку урган. 13 киши дайынсыз жоголгону кабарланууда. (КЕ)