Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:04

Чернобылда өрт өчүрүлдү


Куткаруучулар Чернобыль аймагында тутанган өрттү толугу менен өчүрдү. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Министрликтин атайын бөлүктөрү жана токой чарба кызматкерлери өрт чыгуу коркунучу бар жерлерди текшерип, алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Украин бийликтеринин маалыматы боюнча, өрт чыккан аймакта радиациялык фон орто эсеп менен 21, Киевде 11 микрорентгенди көрсөтүүдө. Норма боюнча радиациялык фон 50 микрорентгенден ашса, ден соолукка кооптуу болуп саналат.

Өрт 28-апрелде тутанып, 320 гектарга чукул жер күйүп кеткен. Тилсиз жоону өчүрүүгө 300дөн ашуун киши, 50дөй техника, учак, тик учактар тартылды. Өрт Буряковка, Глинка, Любянка, Иванов районунда күчөгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG