Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Алайкууда Жеңиш майрамына байланыштуу мемориалдык комплекс курулду


Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын утурлай Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Алайкуу аймагында мемориалдык комплекс ачылат. Ал элдин демилгеси менен курулган. Жалпысынан 500 миң сом жумшалган комплексти курууга чет өлкөдө иштеген, ушул айылда өсүп чоңойгон балдар, мекендештер кол кабыш кылышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” эстеликти куруу коомунун төрагасы, уюштуруучу Жоробек Борбодоев билдирди. Анын белгилешинче, комлекс боз үйдүн фонунда жасалып, аталган айылдын согушка катышкан тургундарынын аттары чегерилген тактайча илинген. Согушка Алайкуудан 105 киши катышкан. Ачылыш аземинде тылда иштегендерге сый-урмат көрсөтүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG