Ооганстандын баш калаасы Кабулда экинчи күн катары менен Фархунданын өлүмүнө байланыштуу сот иши каралууда. Бүгүн каргашалуу окуя тартылып алынган видеолор көрсөтүлдү. Жансоогалаган аял ур-тепкиге алынып жатканда чогулгандар мобилдик телефондорго тартып алган.
2-майда башталган сот иши телеканалдан түз эфирде көрсөтүлүүдө. Бул окуяга 49 адам шектелген. Алардын арасында полиция кызматкерлери да бар.
19-мартта жаалданган эркектер Фархунданы Куранды өрттөдү деп күнөөлөп, тепкилеп, андан соң тирүүлөй өрттөп, дарыяга ыргытып жиберишкен. Бул окуядан соң Фархунданы өлтүргөндөрдү жазалоо талабы менен миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышкан. (КЕ)