Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Ливиянын жээгинде куткарылган мигранттардын саны беш миңге чукулдады


Ошондой эле сууга чөгүп кеткен он кишинин денеси табылган. Италиянын жээктеги коргоо кызматы куткарылгандардын баары Италияга жеткирилгенин кабарлады. Маалыматтар боюнча өткөн ишемби күнү эле 17 куткаруу операциясы жүргүзүлдү. Мигранттардын баары Африкадан Европага жакшы жашоо издеп бараткандар.

Жыл башынан бери Жер ортолук деңизи аркылуу Европага мыйзамсыз өтүп бараткан 1750 чакты киши сууга чөгүп өлдү. Өткөн апрель айында эле сууга чөккөн кемеден 800дөн ашуун киши набыт кеткен. Ал эми миграция боюнча эл аралык уюм көрсөткүч мындан ары дагы көбөйөрүн, жыл аягында деңиз аркылуу Европага мыйзамсыз барууну көздөгөн мигранттардын өлүмү 30 миңге жетиши мүмкүн деп билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG