Бул тууралуу жекшембиде шаар мэри Стефани Роулнгс-Блей Твиттердеги баракчасына жазды. Ошол эле күнү Мэриленддин губернатору Лэрри Хоуган журналисттерге муну тастыктады. Анын айтуусунда, калаадан Улуттук гвардиянын бөлүктөрү чыгарылууда.
2-майда Балтимордо демонстрация болуп өткөн. 27-апрелде АКШнын чыгышындагы Балтимор шаарында полициянын камагында каза болгон кара түстөгү Фредди Грей жерге коюлгандан кийин башталган тополоң-тозду токтотуу үчүн миңдеген полиция жана Улуттук гвардиянын аскерлери жайгаштырылган болчу. Тополоңдо дүкөндөр каракталып, үй, машиналар өрттөлдү.
Кагылышууларда аз дегенде 15 тартип коргоочу жараат алып, 25тен ашык киши кармалган.