Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

“Вечерний Бишкек” боюнча сотко гезит кызматкерлери кире алган жок


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Вечерний Бишкек” гезити боюнча сот жүрүп жатат. 28-апрелде териштирүү аягына чыкпай, 4-майга калган. Сотко басылманын кызматкерлери “Вечерний Бишкектен колуңду тарт!” деген жазууларды көтөрүп келген. Бирок алар отурумга киргизилбегенин аталган гезиттен кабарлашты.

“Вечерний Бишкектин” мурдагы кожоюндарынын бири Александр Рябушкин "он беш жылга жакын мыйзамдуу үлүшүмдү бербей келген" деп “Вечерний Бишкектин” кожоюну Александр Кимден 15 миллион доллар доо талап кылып, сотко кайрылган. Ким баштаган жамаат бийликтин кийлигишүүсү менен Рябушкин жеңип чыгат деген пикирде.

Мурда Рябушкин басылма “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын кайтарып берсин деп сотко кайрылып, утуп алган эле.

“Вечерний Бишкектин” жамааты жакында президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, басылманы рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатканын, анын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрам Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн экенин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG