Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:56

“Манас ааламы” көргөзмө-сынагы жыйынтыкталууда


Бишкекте "Манас" эпосу тууралуу көркөм чыгармаларды көбөйтүү жана аны элге жайылтуу максатында живопись, графика, скульптура жана декоративдүү колдонмо өнөрү боюнча жарыяланган көргөзмө-сынактын жыйынтыгы чыгарылууда.

Жеңүүчүлөрдүн эмгектери 7-майда Гапар Айтиев атындагы музейде ачыла турган көргөзмөгө коюлат.

Уюштуруучулардын айтымында, орундар чыгарманын маани-маңызы, композициялык чечилиши жана аткаруучулук чеберчилиги боюнча аныкталат. Биринчи орун алган сүрөтчүгө 15 миң сом, экинчиге 10 жана үчүнчү орундун ээсине 5 миң сом менен кошо "Алтын дипломдор" тапшырылат. (RK)

XS
SM
MD
LG