Ушу тапта Бишкектин "Ала-Тоо" борбордук аянтында мектеп окуучуларынын Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган майрамдык парады өтүп жатат. Аны мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алууда.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев да катышууда.
Парадга Бишкекте окуган 6 миңге жакын окуучу катышууда. Бул иш-чара менен Экинчи Дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган майрамдык акциялар расмий түрдө старт алды.
Аскердик парад Бишкекте 9-майда өтөт. (RK)