Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Жерүй боюнча сынакта “Восток-геолдобыча” жеңди


Геология жана минералдык ресурстар агенттигинде бүгүн Жерүй кенин иштетүү боюнча сынак жыйынтыкталып, Орусиянын “Восток-геолдобыча” компаниясы жеңүүчү деп табылды. “Кыргызалтын” ишканасы өтпөй калды.

Конкурстун биринчи айлампасы март айында өтүп, экинчи турга аталган эки ишкана менен кошо орусиялык олигарх Сулейман Керимовго таандык деген “Алданзолото” компаниясы чыккан. Кийинчерээк "Алданзолото" сынактан баш тарткан.

Өкмөт былтыр да Жерүйдү сынакка коюп, бирок ал ишке ашпай калган. Анда кендин баштапкы баасы 300 миллион доллар деп бааланган болчу. Азыркы баа 100 миллион доллар деп айтылган.

Жерүй - Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле ири алтын кени. Ал жерде болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG