Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

АКШ учактары Непалда куткаруучуларды алыскы аймактарга жеткирет


Кошмо Штаттардын аскер-аба күчтөрүнүн С-17 транспорттук жана турган жеринен эле тикелей учуп, коно алуучу “Оспрей” учактарынын төртөөсү Непалдын борбору Катмандуга кечээ кечинде келди.

Алар бүгүнтөн тарта зилзаладан жапа чекке бул өлкөнүн алыскы аймактарына жардам топторун жана гуманитардык жүктөрдү жеткире баштайт.

Эң соңку маалыматтарга караганда, зилзаладан каза тапкандар саны 7250гө жетти, мындан тышкары 14000ден ашуун киши жаракат алды.

Бирок бийликтер жардам топтору алыскы толуу кыштактарга жетсе курмандыктар саны өсөт деп күтүшүүдө.

25–апрелде кубаты Рихтер таякчасы боюнча 7,8 баллды түзгөн жер титирөө Непал акыркы 80 жыл ичи кабылган эң күчтүү зилзала болду. (UE)

XS
SM
MD
LG