Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Финляндия резервисттерине кат жөнөтө баштады


Финланд армиясы билдиргендей, мындай чара өлкөнүн коргонуу бюджети кыскарганынан улам көрүлүүдө. Финляндия коргонуу чөйрөсүнө быйыл 2,7 миллиард евро ажыратууда. Бул 2012-жылдагыдан 1,4%га аздык кылат.

Маалыматтарга караганда, өлкөдөгү 900 миңдей резервистке 4-майдан тарта жөнөтүлө баштаган катта алар “кризистик кырдаалда” кандай ролду аткарары баяндалат.

Финланд бийликтеринин жогорудагыдай кадамы коңшу Орусия менен мамилеси украин кризисинен улам чыңалып турган учурга туш келүүдө. Эки өлкөнүн кургактагы чек араларынын узундугу 1340 чакырымга барабар.

5,2 миллион калкы бар Финляндия -Европанын милдеттүү аскер кызматы мыйзамда каралбаган саналуу өлкөсүнүн бири. Кесипкөй армиясынын саны 16 миңге жетет, бирок моблизация баштаса 230 миң аскер куроого жөндөмдүү.

Адатта бейтарап маккамды карманып келген Финляндия менен Швеция өткөн айда НАТОго мүчө Норвегия, Дания, Исландияга кошулуп, Орусия фактору алардын коргонуу жаатындагы кызматташтыкты чыңдоосуна негиз берип жатканын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG