Бул тууралуу Германия Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү билдирди.
Тобиас Плэйттин айтымында, немец полициясы Германиянын аймагына Австрия аркылуу кирген он байкердин документтерин текшерди, бирок алардын “Түнкү бөрүлөр” тобуна байланышы бардыгы боюнча далил таба алган жок.
Орус байкерлеринин “Түнкү бөрүлөр” тобу Берлинге келүүдөгү максаты катары нацисттик Германия үстүнөн болгон жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоону атаган.
Бирок Евробиримдиктин айрым расмий өкүлдөрү алардын планын сынга алып, Польша өлкө аймагына кирүүсүнө тыюу салган эле. Германия өзү да бул топтун лидерлерине байланышы бар делген бир нече кишинин визасын жокко чыгарган.
Анткени, “Түнкү бөрүлөр” улутчул жана Кремлдин саясатын кызуу колдогон уюм катар таанымал.
“Түнкү бөрүлөрдүн” эки мүчөсү 2-майда Австрияда советтик аскерлердин эстелигине гүлчамбарларды койо алышты. (UE)