Бүгүн Кыргызстандын Баш мыйзамы кабыл алынганына 22 жыл болду.
1993-жылдан бери Конституция сегиз ирет өзгөртүүгө кабылган. Улам өзгөргөн сайын президенттин ыйгарым укуктары кеңейип жүрүп отуруп, 2005-жылы эл бийликке каршы чыгып, Аскар Акаевдин башкаруу системасын кулаткан. Кийинки өзгөртүүлөр да президенттин укугун кеңейтип, 2010-жылы апрель окуясына алып келген.
Акыркы жолу 2010-жылы 26-июнда Элдик референдум менен өзгөртүлгөн Баш мыйзамды дагы өзгөртүү демилгеси учурда президенттик аппарат, башкаруучу коалиция тарабынан көтөрүлүүдө.
5-май Кыргызстандын календарында кызыл түс менен белгиленип, майрам күн болуп эсептелет.(ZKo)