Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Баш мыйзамды өзгөртүү – бийликти узурпациялоого алып келери айтылды


Бул тууралуу Cот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш 4-майда тараткан билдирүүдө айтылган. Анда бийлик тарабынан сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Баш мыйзамдын укуктук жана мыйзамдык үстөмдүгүн күчтөндүрбөйт, тескерисинче ар бир депутатты фракциянын лидерине көз каранды кылып, парламенттик демократияны жакшыртпайт, сот системасы президент менен парламенттен көз каранды болуп калат деп белгиленген.

Билдирүү ээлери Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактабасын, жарандардын мыйзамдуулук жана аткаруу бийликтеринин ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүүдөн ажыратарын белгилешкен. Ал эми Конституциялык палатаны Жогорку Соттун курамынан чыгаруу аны иш жүзүндө Президенттик аппараттын укуктук бөлүмүнө айландырат деп эсептешет, алар белгилегендей бүгүнкү күндө өздөрүнүн конституциялык укугун талап кылып, Конституциялык палатага кайрылып жаткан 87% карапайым эл бул мүмкүнчүлүктөн ажыратылат.

Жалпысынан Баш мыйзамга бийлик жана Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кыргызстандыктардын сот адилеттигине жетүүсүнө, коррупциянын тамырын кыйып, коомдогу коопсуздугун камсыздоосуна жана социалдык-экономикалык маселелерин чечүүсүнө бут тосот, бул болсо 2005-жылкы март, 2010-жылкы апрель окуяларынын кайталануусуна негиз болот деп белгиленген билдирүү ээлери президент менен Жогорку Кеңешти Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүүдөн баш тартууга чакырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG