Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Пан Ги Мун Жеңиш күнү Москвага барат


БУУнун башкатчысы Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесин белгилөөгө Түштүк Кореянын өкүлү катары келет, ал ошондой эле бул сапарында Украинага да барып, президент Порошенко менен жолукмакчы. Улуттар уюмунун маалымат катчысы Стефан Дуйаррич 4-майда журналисттерге Пан Ги Мундун Москвадагы жолугушуулары толук макулдашыла электигин билдирди.

Өткөн жумада Украинанын тышкы иштер министри БУУ Баш катчысынын Орусияга сапарын Украина чыгышындагы жикчилдерди колдоп турган Москвага келет деп сындаган эле.

Мурдараак кабарлангандай, Москвадагы Жеңиш парадына дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн лидерлер келет деп айтылган. Бирок Украинадагы окуяларга байланыштуу батыштагы көпчүлүк мамлекеттердин лидерлери жана Жапония өкмөт башчысы Москвага келүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG