Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Царнаевдин туугандары Бостондогу федералдык сотто көрсөтмө беришти


Царнаевдин адвокаттары. АКШ, Массачусетс, 7-апрель, 2015-жыл
Царнаевдин адвокаттары. АКШ, Массачусетс, 7-апрель, 2015-жыл

Царнаевдин туугандарынын бири Найда Сулайманова Жохардын агасы Тамерлан экстремисттик көз карашка оогонун укканда, корккондугун жашырбады. Associated Press агенттигинин кабарчысы сот залынан билдиргендей, Жохар Царнаев эжеси Патимат Сулейманова көрсөтмө берип жатып ыйлаган кезде, көзүнөн жаш чыгарып отурду. Сот аялды тынчтанууга чакырган кезде гана ал көзүнүн жашын аарчыган.

Бостон марафонундагы жардырууну уюштурган деп айыпталган Жохар Царнаевдин туугандарынын көрсөтмө берүүсү - соттук териштирүүнүн экинчи этабына туш келди. Мында сот арачылары 21 жаштагы Жохарды өлүм жазасына же өмүр бою абакка кесүүнү чечүүсү керек.

Царнаевдердин үй-бүлөсү бир нече жыл мурда Кыргызстандын Токмок шаарында жашаган. Кийин Орусиянын курамындагы Дагестан Республикасына көчүп барып, 1999-жылкы экинчи чечен согушунда АКШга кетишкен. Жохар 2012-жылы АКШ жарандыгын алган.

XS
SM
MD
LG