Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Түркиянын дин аалымдары Сирия дүрбөлөңү боюнча элге маалымат беришти


Түркиянын Имам Аззам Абу Ханифа, Имам Матурудий жана Имам Сараксий илимин изилдеген дин аалымдары 4-майда Кара-Суу районундагы “Ас-Сарахсий” мечитинде райондун эли менен диний-илимий багытта дидарлашты.

“Азаттыкка” Ош облустук казыятынан кабарлашкандай, Түркиялык дин таануучулар аймактагы ханафий-масхабы, Сирия дүрбөлөңүнүн кесепеттери тууралуу баян жасашкан. Анкара жана Газантеп университеттеринин окумуштуулары Бүнйамин Эрул, Энбия Йылдырым жана Махмут Чынарлар Сириядагы абалды мусулмандар арасындагы чоң дүрбөлөң деп атап, ал жакка баруу акылсыздык экенин белгилешти.

Жолугушуу болгон “Ас-Сарахсий” мечитинин мурунку имамы радикализмге чакырык жасаган деген айып менен камакка алынган.

Түрк аалымдары менен баарлашууга аймактагы райондордон да дин кызматкерлери келишкен. Эл менен аалымдардын жолугушуусу дин башкармалыгынын мамлекеттик диний концепциясынын алкагында уюштурулган. (YI)

XS
SM
MD
LG