Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 5-май – Конституция күнү менен куттуктап, Баш мыйзамдын 2010-жылдагы редакциясын эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң демократиялуу жана прогрессивдүү деп атады. Мамлекет башчынын айтымында, негизги мыйзам 1993-жылдагы Конституцияда түптөлгөн баалуулуктарды кайра калыбына келтирип, чыныгы парламентаризмге жол ачты жана өлкө тагдыры үчүн өтө олуттуу чечимдерди жеке адам кабыл алышына бөгөт койду.
“Конституциянын негизинде сот системасын, шайлоо мыйзамдарын, коомдун жана мамлекеттин бардык тармактарын реформалоо боюнча ырааттуу иштер жасалып жатат. Биз мыйзамды, адам укугун жана эркиндигин урматтоого негизденген укуктук, демократиялуу мамлекет курууга умтулуп жатабыз” - деп жазылат куттуктоодо.
Бүгүн Кыргызстандын Баш мыйзамы кабыл алынганына 22 жыл толду.
1993-жылдан бери Конституция сегиз ирет өзгөртүлгөн.
Учурда Кыргызстанда кезектеги конституциялык реформа сунушталууда. Анын максаты - президенттин жана парламенттеги фракциялардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү. (SE)