Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Жалал-Абад: Коопсуздукту талкуулоого коңшу өлкөнүн жаштары да чакырылды


Жалал-Абад облустук бийлиги жаштар менен чогуу аймактагы коопсуздукту талкууламай болууда. 14-15-май күндөрү Ала-Бука районунда өтө турган жыйынга Өзбекстандын Наманган жана Тажикстандын Согди облусундагы жаштар коомдору да чакырылды. Аларга чакыруу Тышкы иштер министрлиги аркылуу жөнөтүлдү.

"Жаштар - туура кадам, таза максат үчүн" деген аталыштагы эл аралык форумдун максаты тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова билдирди.

- Форумдун жүрүшүндө диний экстремизмди алдын алуу, этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана чек ара көйгөйлөрүн чечүүдөгү жаштардын орду талкууланат, - дейт Аширова.

Иш-чарага республиканын бардык облустарынан 300дөн ашык адам катышат. (RsK)

XS
SM
MD
LG