Өкмөт 4-май күнү Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча түзүлгөн келишимдин үч протоколунун долбоорун бекитти.
Премьер-министр Темир Сариев башчылык кылган жыйында уюмга мүчөлүктү жөнгө салган эл аралык келишимдер боюнча документтер кабыл алынды.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 8-майда кирери мурда кабарланган. Бирок келишимдин айрым талаптарын кайра карап чыгуу зарылчылыгы жаралгандыктан кийинкиге калган.
Өткөн жылдын 23-декабрында Москвада Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлган. Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнөн алчу үлүшү 1,9% деп аныкталган.
Анда келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү 2015-жылдын 1-майы деп жазылган. Бул убакытка чейин бардык келишимдер ратификацияланса, чек аралар 9-майга карата ачылмак. (SE)