Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:15

Cузактагы суу чарба кызматкерлерине кылмыш иш козголду

Сузак райондук Суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган башкармалык 2011-жылы “Тинар” ишканасы менен келишим түзүп, 2012-жылы 2 миллион 700 миң сомго электр кыймылдаткыч сатып алган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кыймылдаткычтын баасы 1 миллион 379 миң сом экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тергөө жүргүзүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG