Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Ага-ини Навальныйлар укук коргоо жаатындагы сыйлыкка татыды


Ага-ини Навальныйлар сот залында, 2014-жыл.
Ага-ини Навальныйлар сот залында, 2014-жыл.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жана анын иниси Олег жыл сайын берилүүчү укук коргоо жаатындагы “Европа эс тутум жана абийир платформасы” уюмунун сыйлыгына татышты.

Сыйлык алардын “жеке эрдиги жана Орусиядагы негизги демократиялык баалуулуктар менен эркиндикти колдоого жасалган күрөшү үчүн" берилди. Бул тууралуу Алексей Навальный өзү социалдык тармактарда уюмдун сайтына шилтеме берип кабарлады. Сыйлык тапшыруу аземи 6-майда Будапештте өтөт.

Бул премия дүйнөдөгү тоталитаризмге каршы турган, мыйзамдын жана адам укугунун улуулугу үчүн күрөшкөн инсандарга берилет. Максаты - антидемократиялык режим менен күрөшкөндөргө жана саясий репрессиянын курмандыктарына көңүл бурдуруу.

Олег Навальный учурда Орлов облусундагы жалпы режимдеги колонияда отурат.

Өткөн жылдын 30-декабрында Москванын Замоскворецкий райондук соту ага-ини Навальныйларга “Ив роше” компаниясынын иши боюнча өкүм чыгарып, Алексей Навальныйды үч жарым жылга шарттуу кескен. Анын бир тууганы Олег Навальный үч жарым жылга эркинен ажыратылган.

Ага-ини бул иштин саясий себеби бардыгын айтып келишет.

“Европа эс тутум жана абийир платформасы”- 18 өлкөнүн 60тай мамлекеттик жана жеке институттарынын башын бириктирген эл аралык уюм. Ал 2011- жылы Прагада негизделген.

XS
SM
MD
LG