Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

“Мегаком” өзбек тилинде тейлөөнү улантат


Кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында соңку күндөрү “Мегаком” уюлдук операторунун кардарларды өзбек тилинде тейлешине нааразы болгондор көбөйдү. Өзбек тилинде тейлөөнү алып салуу маселеси социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Талап койгондор арасында маданият тармагынын белгилүү өкүлдөрү да бар.

Ош жана Жалал-Абад аймактарындагы өзбек тектүү кыргызстандыктардын 90% ашууну "Мегаком" колдонгондуктан өзбек тилинде тейлөө улана берерин аталган компаниядан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, кардар кыргыз, орус, англис жана өзбек тилдериндеги тейлөөнүн арасынан өзү каалаганын тандап алса болот.

Кыргызстанда “Мегакомдон” сырткары “Билайн” уюлдук компаниясында да өзбек тилинде да тейлөө бар. Бул кызмат аталган операторлор иштей баштагандан бери сунушталат. (SE)

XS
SM
MD
LG