Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Түркияда кармалган британдыктар Молдовага депортацияланат


Түркия аркылуу Сирияга өтүп, экстремисттерге кошулуп кетүүнү көздөгөн Тажикстандын жараны. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркия аркылуу Сирияга өтүп, экстремисттерге кошулуп кетүүнү көздөгөн Тажикстандын жараны. Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн айда Сириядагы “Ислам мамлекети” эсктремисттик уюмуна кошулуп кетүүнү көздөгөн деген шек менен Түркияда кармалган британдык түгөйлөр жана алардын төрт кичине баласы Молдовага депортацияланат. Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин өкүлү 5-майда билдиргендей, Асиф Малик аттуу Британиянын жараны, жубайы Сара жана төрт кичине баласы менен Анкарада эки апта мурда кармалган.

Кийинчерээк Британ полициясы алардын кайда экенин билип берүү суранычы менен кайрылган.

Маалыматка ылайык, үй-бүлө Молдовага өз ыктыяры менен депортацияланат.

Эмне себептен алар Молдованы тандаганы азырынча белгисиз.

Соңку бир жылдын ичинде Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” жана башка экстремисттик топтордун катарына миңдеген чет өлкөлүк жарандар кошулуп, куралдуу жаңжалдарга аралашып кетишти.

Алардын көбү Сирияга Түркия аркылуу өткөнү айтылып келет. Буга чейин Сирия менен чек араларын бекемдей албаганы үчүн Анкара сынга кабылып келсе, Түркия Европа өлкөлөрүн өз жарандарын бул согуш аймагына жибербей, кармап кала албаганын айтып сындап келет.

XS
SM
MD
LG