Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Сицилиянын жээгинде кырктай мигрант чөгүп өлдү


Жер ортолук деңизиндеги желим кайыктар менен келаткан мыйзамсыз мирганттар куткарылууда.
Жер ортолук деңизиндеги желим кайыктар менен келаткан мыйзамсыз мирганттар куткарылууда.

Африкадан Италияга келаткан 40тай мыйзамсыз мигрант Жер ортолук деңизинде чөгүп өлдү. Бул тууралуу “Балдарды сактагыла” гуманитардык уюмуна Сицилияга аман-эсен жеткен мыйзамсыз мигранттар шейшемби күнү кабарлашты. Алардын айтымында, мигранттар түшүп келаткан үйлөтүлгөн желим кайык күндүн ысыгынан улам жарылып, жели чыгып, чөгүп кеткен.

Соңку күндөрү Жер ортолук деңизиндеги жагымдуу аба-ырайына байланыштуу Африкадан Европага умтулган мигранттардын саны өсүүдө. Ишембиден бери деңизден Италиянын жээк көзөмөлдөгөн кызматы тарабынан 7000дей адам куткарылды. Алардын бардыгы Италияга жеткирилүүдө.

Жыл башынан бери Европага эптеп жетип алууну көздөгөн 1800дөн ашык мыйзамсыз мигрант Жер ортолук деңизинде чөгүп өлдү. 19-апрелге караган түнү Италиянын Лампедуза аралынан 120 чакырым алыстыкта мигранттарды жүктөп келаткан кеме оодарылып кетип, Ливиядан келаткан 900 мигрант набыт кеткен.

Бул кырсыктан соң Евробиримдиктин лидерлери шашылыш жыйынга чогулуп, Жер ортолук деңизиндеги куткаруу операцияларын каржылоону үч эсеге көбөйтүүнү чечишкен.

XS
SM
MD
LG