Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Саудия падышасы коңшуларын Иран үчүн бирге турууга чакырды


Саудиянын падышасы Салман жана Франциянын президенти Франсуа Олланд. Эр-Рияд, 4-май, 2015.
Саудиянын падышасы Салман жана Франциянын президенти Франсуа Олланд. Эр-Рияд, 4-май, 2015.

Сауд Аравиянын падышасы Салман Перс булуңундагы араб мамлекеттерин Иран үчүн бирге турууга чакырды. Бул тууралуу ал араб мамлекеттеринмн Эр-Рияда өтүп жаткан саммитинде айтты. Буга чейин Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөр Иранга каршы эл аралык санкция токтотулса, Тегеран чөлкөмдөгү шектүү топторду өзү билгендей каржылай баштайт деген камтамачылыгын билдиришкен.

Жыйынга Франциянын президенти Франсуа Олланд да катышты.

Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин саммити Саудия баштаган сунни өлкөлөрүнүн коалициясы Йемендеги шиит козголоңчулар -хуситтерге каршы абадан сокку уруп жаткан маалга туш келди. Саммитке катышып жаткан европалык лидер Франсуа Олланд аймак лидерлеринин кооптонусун тең бөлүшөрүн айтып, ал өзү Франциянын тилектештигин билдиргенин келгенин кошумчалады.

Саудиянын баш калаасында өтүп жаткан саммитке Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмираттарынын лидерлери чогулду.

Сауд Аравия башында турган коалиция 26-марттан бери Йемендин басымдуу бөлүгүн, анын ичинде баш калаа Сананы басып алган хуситтердин турумдарына каршы абадан сокку урууда.

Ал арада АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри апта аягына чейин Францияда коопсуздук боюнча өтө турган сүйлөшүүлөрдү утурлай Сауд Аравияга бара турганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG